Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз курулуш аныкталды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталганын билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, буга байланыштуу материалдар сот органдарына өткөрүлөт.

Курулуш агенттиги облустагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди, архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышын, инвентаризация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын мониторингдөө процессин аяктады.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган. Жарандык Кодекстин 254-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде, агенттиктин облустагы башкармалыгы 146 объект боюнча материалдарды сот жана укук коргоо органдарына жөнөтөт.

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынат.

Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG