Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусиянын соккусунан Херсондо эки жайкын тургун каза тапты


Херсон облусунда орусиялык күчтөрдун аткылоосунан эки жай тургун набыт болуп, үчөө жарадар болду. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, орус аскерлери 23-майда калктуу конуштарды, Берислав районундагы социалдык инфраструктура объектилерин бутага алды.

Прокудин кошумчалагандай, акыркы сутка ичинде орусиялык күчтөр украин өкмөтү көзөмөлдөгөн аймактарды 64 жолу аткылады. Оор артиллериядан, "Град" системасы, танктардан жана учкучсуз учактардан 271 снаряд атылды.

Өткөн күздөгү оккупациядан кийин Херсон шаары жана облустун бошотулган бөлүгү дээрлик күн сайын орусиялыктардын аткылоосуна туш болууда. Калаадан сүрүп чыгарылган орус армиясы былтыр күздөн бери Херсон облусунун сол жээгинде турат.

Былтыр февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери калктуу конуштар бутага алынып, миңдеген жайкын тургун курман болду. Бирок Москва далилдерге карабай, чабуулдар карапайым калкка багытталганын моюнга албай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG