Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Лукашенко аденовирус жугузуп алганын айтты


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларуста Александр Лукашенко бир нече күн эл алдына чыкпай калганын аденовирус жугузуп алганы менен түшүндүрдү.

Ал өкмөт өкүлдөрү менен жыйын куруп, жумушунун көптүгүнө байланыштуу аденовирустан убагында дарылана албаганын, мындан улам өзүн алсыз сезгенин айтты. Лукашенконун билдирүүсү анын басма сөз кызматы жетектеген “Пуль Первого” Телеграм каналында жарыяланды.

Ал өзүнүн оор дарты тууралуу кептерди “ушак” деп атады.

Лукашенко 9-майдан бери элге көрүнбөй калгандыктан, анын саламаттыгына байланыштуу кеп-сөз тараган. Журналисттер ал күнү Москвадагы парадда анын абалы жакшы эместей көрүнгөнүн жазышкан. Анда оң колу таңылуу болчу.

Лукашенко 14-майда Беларустун мамлекеттик символдор күнүнө арналган салтанатка да келген эмес. Ошондон кийин социалдык тармактарда анын ден соолугуна байланыштуу талкуу күчөгөн.

15-майда сол колу таңылган Лукашенконун армия жетекчилиги менен жолугушканы тууралуу видео жарыяланган.

Аденовирус – дем алуу органдары сезгенген курч респиратордук вирустук инфекциялардын тобуна кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG