Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Словения Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды


Голодомор учуру, Украинанын Харьков аймагы. Архив сүрөт.
Голодомор учуру, Украинанын Харьков аймагы. Архив сүрөт.

Словения парламенти 1932-33-жылдары болгон Голодоморду украин элине жасалган геноцид деп тааныган резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттерге жазды.

Буга чейин мындай документти АКШ, Германия, Молдова, Румыния, Болгария, Франция жана Ирландия кабыл алган. Украина парламенти өзү 2006-жылы Голодоморду геноцид деп тааныган.

Былтыр декабрда Европа парламенти ал окуяларды геноцид деп тааныган жана Орусиянын украин элине каршы азыркы кылмыштарын айыптаган.

Голодомор советтик бийлик украиналык дыйкандардан азык-түлүк запастарын тартып алуу жана дан азыктарына байланышкан саясатын киргизгенде келип чыккан. Натыйжада, төрт миллион киши көз жумганы айтылат. Тарыхчылардын көбү бийлик советтик Украинада атайлап ачарчылык уюштурган деп санашат.

Орусия бийлиги 1930-жылдардагы окуяларды геноцид деп сыпаттоого каршы.

XS
SM
MD
LG