Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Абактагы талапкер Жээнбеков үгүт жүргүзүү укугу бузулганын айтып чыкты


Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу аймагынан талапкер катары катталган абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков теледебатка катышуу укугу бузулуп жатканын айтып чыкты. Ал 24-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө келген учурда журналисттерге кайрылып, укук коргоо органдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясына нааразылыгын билдирди.

"Жаза аткаруу кызматына, укук коргоо органдарына дагы кайрылам. Мени жок дегенде теледебатка алып чыккыла деп сураныч берип жатабыз. Мыйзам боюнча мамлекет талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп бериши керек. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары мыйзамды бузуп, мени чыгарбай жатышат. Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү сактайбыз десе, анда мени жок дегенде теледебатка алып чыгышы керек", - деди Равшан Жээнбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Азаттыкка" талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей шарт түзүү маселеси укук коргоо органдары, тиешелүү мекемелер менен талкууланып, сунуш берилгенин, бирок абактагылар оор берене менен айыпталып жатат деген негизде ал аткарылбаганын маалымдады:

"Биз УТРКдан да талапкерлердин "Шайлоо мыйзамына" ылайык акысыз эфир убактысынан пайдалануу жолдорун караштырууну сурадык. УТРК өкүлдөрү талапкерлер өздөрүнө бөлүнгөн он мүнөттүк акысыз үгүт убактысын адвокаттын жардамы менен ролик тартып, кайрылуу жаздырып, пайдаланса болорун айтышты. Талапкер Акыл Айтбаев ошондой кылып, 10 мүнөттүк кайрылуусун даярдап келишкен экен, биз аны көрүп чыгып, эфирге жарыяланды. Шаменов менен Жээнбеков андай укуктан пайдаланышкан жок, аларга бөлүнгөн убакыттын мөөнөтү өтүп кетти", - деди Жылкыбаев.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалган Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов жана Акыл Айтбаев №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган. 28-майга белгиленген шайлоодо жалпы 29 адам ат салышат.

Аталган шайлоо округунан мурда депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташка катышканы тууралуу тасма тарагандан кийин 27-мартта мандатын тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG