Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

"Чындыкты таап чыгабыз". Коомдук комиссиянын макамы жана максаты


2010-жылдагы Ош окуясынын курмандыктарына арналган эстелик.
2010-жылдагы Ош окуясынын курмандыктарына арналган эстелик.

Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Анын төрагасы, мурдагы вице-спикер Кубанычбек Исабеков комиссия буга чейин коомчулукка айтылбаган фактыларды алып чыгарын билдирүүдө.

Апрель ыңкылабы боюнча чет өлкөгө качып кеткен ошол кездеги бийлик жетекчилерине өкүм чыккан. Үч комиссия иликтеген Июнь коогалаңына байланыштуу ушул тапта сот иши жүрүп жатат.

Акаев-Бакиев окуясынан кийин түзүлгөн комиссия

24-майда Апрель жана Июнь окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөнүн билдирген коомдук комиссия Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” комментарий берип, комиссия көз карандысыз иштей турганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, 13 жыл мурда болгон кандуу эки окуяны иликтөөгө Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин айланасындагы акыркы талкуу себеп болду.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

“Тарыхта ачылбай калган көп сырлар бар. Биз ошол чындыкты алып чыгалы деп атабыз. Мен да кайдыгер адам эмесмин. Укук коргоо органдарында иштеген туугандарым Апрель жана Июнь окуяларына катышкан. Чыркыраган чындыкты билбеген эл көп. Ошондуктан ар кандай бүдөмүк ойлор болуп атат. Бизди эч ким каржылаган жок. Мен бирөөнү күнөөлөп же актайын деген оюм жок. Жогорку Кеңеште Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир тобу менен чогуу иштегем”.

Исабеков 2005-жылдан 2010-жылдын апрель айына чейин Жогорку Кеңеште вице-спикер болгон. 11 киши кирген коомдук комиссиянын Бишкекте кеңсеси иштеп баштаганы, эми Ошто да ачылары айтылды.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү Абдижалил Эргешов мындай деди:

“2010-жылдагы окуялар адилет, калыс иликтенип, саясий жана юридикалык баа берилиши керек. Антпесе кээ бир топтор аны өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишүүдө. Айрымдары митинг-пикет өткөрүп коомдук чыңалууну кылып жатышат. Бул жакшы эмес”.

Комиссия мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Бишкекке келип, журналист Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден алган маеги коомдо нааразылык жаратып, талкуу күчөп турган маалда түзүлдү.

Апрель окуясынын катышуучулары Кыргызстандын мурдагы президенттерин коомчулуктун алдында актоо аракети башталганын билдирип, 23-майда Бишкекте акцияга чыгышкан.

Бул окуялардан кийин Бакиевден интервью алган Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кетти. Ал эми Илимдер академиясы менен Кыргыз техникалык университетиндеги Аскар Акаевдин лекциялары болгон жок. Эки мекеме тең мындай иш-чара пландалбаганын жарыялаган.

"Көрүнгөн эле киши комиссия түзө бербейт"

"Кыргызстандын тарыхындагы эң кандуу окуяларды кайра иликтөөгө эмне зарылчылык бар?” деген маселе көтөрүлдү. 2011-жылы Июнь окуясын иликтеген парламенттик комиссиянын жетектекчиси Токон Мамытов пикири менен бөлүштү:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Көрүнгөн эле киши комиссия түзө бербейт. Биринчиден, ал өзү мыйзамдуу болушу керек. Комиссияны Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура же парламент түзсө макул дейт элек. Анан ар ким чыгып алып эле “комиссия түзүп иштейм” дей берсе анда 1945-жылдын 9-майындагы окуялар боюнча да комиссия түзөлү. Дагы бир суроо комиссия эмне үчүн 13 жылдан кийин гана түзүлдү? Же “мурдагы президенттер Кыргызстанга келет экен” деген маалыматтардан улам саясий упай топтоону максат кылуудабы? Бирок ал окуяларда кан төгүлгөн. Ошондуктан керт башын ойлобой ошол жерде өлгөндөрдү ойлош керек. Алардын да туугандары бар”.

2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, Июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тапкан. Коогалаң Апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугунда жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Мындай баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болгон эмес.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.

Андан кийин 2011-жылы Токон Мамытов жетектеген парламенттик комиссия иштеп, өз корутундусун жарыялаган. Комиссия “Июнь окуясынын чыгышына уюшкан кылмыштуулук, наркобизнестин да салымы бар. Экономикалык-социалдык кырдаал да таасир берген” деген тыянакка келген.

Кайра жандандырылган кылмыш иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да бул иштин алкагында күбө катары сурак берген.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

“Карапайым укук коргоочуга караганда Кубанычбек Исабековдо убагында маалымат көп болчу. Ал маалыматтарды убагында бергенде мамлекеттик органдарга бир топ пайда болмок. Эми 13 жылдан кийин чыгарганда андан эмне пайда? Кубанычбек Исабековдо мүмкүн коомго кереги тийе турган материалдар болушу мүмкүн. Бирок анын жок дегенде 30-40% өз убагында тең салмактап коомго ачыкташ керек эле”, - деди Июнь коогасын иликтеген Улуттук комиссиянын мурдагы мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Расмий маалыматка ылайык, 13 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG