Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Июнь окуясы: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө айып коюлду


Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков жана Бектур Асанов сотто. 15-август, 2022-жыл.
Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков жана Бектур Асанов сотто. 15-август, 2022-жыл.

Июнь окуясы боюнча иш 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралды.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Исмаил Исаковдун адвокаты Алтынбек Токтосунов тергөө мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, айрым далил материалдарды иштен алууну соттон өтүндү. Адвокат Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин эски редакциясы менен козголгон бул ишти жаңы кабыл алынган редакциясындагы беренеге квалификация кылган эмес жана бирдиктүү реестрге катталбаган дейт.

"Башкы прокуратура эки ай тергеген соң 1-февралда "кылмыш иште айыпталуучу адам жок" деген негиз менен өндүрүштөн токтоткон. Бирок кайра жандандырбай туруп эле учурдагы президент Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, депутат Сүйүн Өмүрзаковду, Жалал-Абаддын экс-мэри Максат Жээнбековду, мурдагы депутат Акматбек Келдибековду тергөөгө чакырып, сурак кылышкан, беттешүүлөрдү жүргүзө берген. Булардын баары 18-майга чейин, иш кайра жандандырылганга чейин жүргүзүлгөн".

Бирок судья Чыңгыз Бердимуратов өтүнүчтү четке какты. Айыпталуучу тарап соттун бул чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазарын билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдүү жүрдү. Анын алкагында 20дай саясатчы суралды. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. Ошондой эле президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген, мындан тышкары ошол учурдагы бийликтин аракетсиздиги жана Кадыржан Батыровдун ким менен сүйлөшүп, кантип четке чыгып кеткени иликтениши керек”,-деген Ташиев быйыл апрелде прокуратурага суракка берген соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Июнь окуясы боюнча соттук териштирүү мыйзамсыз жүрүп жатат деген пикирин журналисттерге билдирди.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Июнь окуясы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү 2020-жылы эле өтүп кеткен. Аны тергөөчүлөр кыскартууга тийиш болчу. Алар ишти тергеп, сотко жиберишкен соң судья өзүнүн демилгеси менен бүгүн, ушул жерден "ишти кыскартайынбы" деп айыпталуучуларга суроо салууга милдеттүү болчу. Бирок судья аны кылган жок, милдетин аткарбай, жараянды улантууну чечти".

Исмаил Исаков Июнь окуясы боюнча сот ишин саясий куугунтук катары эсептейт.

"Албетте, бул бизге каршы саясий буйрук, куугунтук. Биздин бийликти сындаган ой-пикирибизди, айткан маалыматтарды элге жеткирбөө. Экинчиден, мунун негизги максаты качып кеткен президент Курманбек Бакиевди актоо".

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков июнь калабасы учурунда ошол убакта "Ата Журт" партиясынын депутаттары - азыркы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ош, Жалал-Абад аймактарындагы аракеттерине тиешелүү баа берилиши керек деп кошумчалады.

"Июнь окуясында булар да ошол Ош, Жалал-Абад аймактарында жүрүшкөн. Алардын ошондогу аракеттерине да баа берилиши керек. Сот учурунда биз да өзүбүздөгү видео тасмаларды жана башка далилдерибизди көтөрөбүз".

Июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн төрт мүчөсүнө карата соттук териштирүү 25-августта улана турган болду.

2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тапкан.


Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугунда жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Мындай баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болгон эмес.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

Андан кийин 2011-жылы Токон Мамытов жетектеген парламенттик комиссия иштеп, өз корутундусун жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурдагы кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG