Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Орусия Беларус менен өзөктүк курал жайгаштыруу тууралуу документке кол койду


Орусиянын өзөктүк ракета атуучу "Искандер" комплекси, 17-июнь, 2015-жыл.
Орусиянын өзөктүк ракета атуучу "Искандер" комплекси, 17-июнь, 2015-жыл.

Москва менен Минскинин өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча документке кол коюшту. 25-майда Беларустун баш калаасында өткөн жараяндан кийин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өзөктүк куралга көзөмөлдү Москва жүргүзөрүн билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу маселесин мартта көтөргөн. Буга Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко макул болгон. Беларус Украина жана НАТОго мүчө үч мамлекет менен чектешет.

Бул чечимди бир катар мамлекеттер дароо сынга алышты, ал эми НАТО аны «кооптуу жана жоопкерчиликсиз» деп атады.

Украинага согуш ачкандан бери Орусия Лукашенконун макулдугу менен Беларусту кол салууга плацдарм катары колдонуп келген.

Тактикалык өзөктүк курал - согуш талаасында колдонууга багытталган кубаты азыраак курал. Орусия канча тактикалык өзөктүк куралы бар экенин ачыктабай келет.

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда Орусия, Украина, Беларус жана Казакстанда өзөктүк курал калган. 1992-жылы төрт өлкө мындай бардык куралды Орусияда сактоону макулдашып, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарын төрт жылдын ичинде Москвага толук өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG