Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

"Батумиден" чыккан талаш: Жоопкерчилик кимде?


“Батуми” ресторанын бузуу иштери. 24-май.
“Батуми” ресторанын бузуу иштери. 24-май.

Бишкекте буздурулган “Батуми” ресторанынын ээси вице-мэр Нурдан Орунтаевге каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага арыз берди. Ишкер мэрия мүлкүн өзүм билемдик менен талкалады деп эсептейт.

Шаар бийлиги “Батуминин” кожоюндары койгон дооматтарды четке кагып, тескерисинче кафенин жетекчилигин айыптады. Коомдо резонанс жараткан окуяга атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев да реакция кылып, бузулган ресторанга барып кетти.

"Жумушта эле отурам"

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев өзүн Улуттук коопсуздук боюнча комитети суракка чакырды деген маалыматтарды четке какты. Ал "Азаттыкка" суракка чакыруу албаганын айтты.

"Жок, мен жумушта эле отурам азыр. Эч жакка барган да жокмун. Чакыруу да келген жок", - деди Орунтаев.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 25-майда күч кызматтарындагы булактарына таянып, Орунтаев Бишкектин Жал кичи районундагы "Батуми" ресторанын буздургандан кийин УКМКга суракка жеткирилгенин жазып чыгышкан.

“Батуми вице-мэрге каршы арызданды

Эки күндөн бери маалымат каражаттарынын күн тартибинен түшпөй жаткан окуя жогорку жетекчилердин да көңүлүн бурду. 25-майда “Батуми” ресторанынын толук бузулуп бүтө элек имаратына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат берди.

“УКМКны төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында жайгашкан “Батуми” тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу тууралуу, өз жеринен барып таанышып келди. “Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова, УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жок экенин айтты. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

“Батуминин” ээсинин адвокаты Кайсын Абакиров сөзүнө караганда, ресторандын баасы 80 миллион сом деп бааланган. Аны бузууда 9 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Ал “Батумини” буздурууда вице-мэр Нурдан Орунтаев Конституциядагы менчикке болгон кол тийгис укугун бузуп, кызматынан аша чапкан деп эсептейт. Ушундан улам ага чара көрүү өтүнүчү менен атайын кызмат жана Башкы прокуратурага арыз берилгенин айтты.

Кайсын Абакиров.
Кайсын Абакиров.

“Нурдан Орунтаев “президент Садыр Жапаровдун уулунун атын пайдаланып жатат” деген сөздөрдү угуп атабыз. Себеби, анын мыйзамсыз иштерин биз буга чейин да көргөнбүз. Вице-мэрлик кызмат чуркап барып эле ар кайсы имараттарды бузуу эмес. Ал шаарды көрктөндүрүп чарба маселелерин чечиши керек. Кызыкчылыгы үчүн ишкерлердин ишине кийлигишип, алардын объектилерин бузууда өзү баш болуп чуркап жүргөнү кандайдыр бир маалыматтардан кабар берет”.

24-майда мэриянын кызматкерлери ресторанды буза баштаганда ээси Кадича Бечелова каршылык көрсөткөн. Ошол учурда тартылган видеолор Интернетте талкууланууда.

Ижарага берилген жердин чоо-жайы

Расмий маалымат боюнча, 2004-жылы “Эстаунд” ишканасы Бишкек мэриясы менен Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 1300 метр жерди 10 жыл убактылуу пайдалануу боюнча келишим түзгөн. Компания ал жерге автоунаа токтотуучу жай курмак. 2017-жылы келишим беш жылга узартылып, 2018-жылы “Эстаунд” кичи соода рыногун курууга уруксат алган. 2020-жылы болсо кафе салууга уруксат берилген.

Мэрия “Эстаунд” жеңил конструкция менен курулуш курууга уруксат алып бирок капиталдык курулуш кылып салганын, андан тышкары автоунаа токтотуучу жерге имарат түшкөнүн билдирди. Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы быйыл 2-майда “Эстаунд” менен келишимди узартуудан баш тарткан жана ресторанды бузуу тапшырмасын берген.

Нурдан Орунтаев окуя тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал “Батумиге” ресторанды бузуу боюнча 17-майда эле билдирүү берилгенин, бирок ээси талапты аткарбай акыркы күнгө чейин иштеп туруп алганын билдирди. Ушундан улам мэрия 24-майда бузуу иштерин өзү баштаганын, ал эми Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров менен тааныштыгы жок экенин айтууда.

Нурдан Орунтаев.
Нурдан Орунтаев.

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Эч кандай тааныш, дос эмесмин (ред: Рустам Жапаров). Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.

Нурдан Орунтаевдин сөзү боюнча, жыл башынан бери Бишкекте 3 миңге жакын мыйзамсыз курулуш буздурулуп, көрнөк-жарнактар алынды. Бул иш азыр да улантылууда.

“Батуми” ресторанынын маселеси Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Эмил Жамгырчиев маселеге калыс баа берүү керектигин айтып, Башкы прокуратурага кайрылды:

“Ресторандын ээси “үч күн берсеңер өзүм эле көчүрүп кетем” деп атат. Кичине моралдык жагын деле карап койбойсуңарбы. Буга чейин ал ишкерге документтерди жасап бергендерди да жоопкерчиликке тартыш керек. Ал имарат космостон келип эле түшүп калган жок да. Канча жылдан бери иштеп атат. 3-4 жылдан бери турган кафени башына таш түшкөнсүп бүгүн эстешти”.

Социалдык тармактарда “Батуми” рестораны түшкөн жер Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдики экени тууралуу маалыматтар тараган. Ал “Азаттыкка” мындай деди:

“Ресторандын ээси менен эч кандай байланышым жок. Жерди мен же менин туугандарым сатканы тууралуу маалымат жалган. Кафенин ээсин да тааныбайм”.

“Эстаунд” компаниясы ижара келишими боюнча 2004-жылдан бери жылына 339 миң сомдон салык төгүп келатканын, 19 жылда жердин ижарасы үчүн 7 миллион сомго жакын каражат төлөгөнүн билдирди. 2021-жылдын май айынан баштап ай сайын товар жүгүртүүдөн 300 миң сом төгүп турган. Кафеде 50гө жакын адам иштегени айтылды.

“Батуми” ресторанынын бузуу иши. 24-май.
“Батуми” ресторанынын бузуу иши. 24-май.

Бул окуя эмне үчүн маанилүү?

Бул окуя эмне үчүн коомчулукта талкууга жол ачты? Борбордо соңку 10-15 жылдан бери курулуштар активдүү жүрүп, мыйзамсыз курулуш маселеси утур-утур көтөрүлүп келет.

Мэрияга караштуу жер тилкелерин айрым ишкерлер убактылуу ижарага алып, жеңил конструкциядагы имараттан тарта көп кабаттуу үй салып салган учурлар болгон. Буга байланыштуу шаардагы курулуштарды иретке салуу талабы бир нече жолу айтылган. Бишкек мэриясы бул боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирип, соңку айларда калаанын ар кыл аймагындагы бир нече имаратты сүздүрдү. Бул иште вице-мэр Нурдан Орунтаев жооптуу болуп, жаңжалдардын очогунда калган.

Ошол эле учурда соңку маселеде ишкерлер бир нече бою куруп, ийгиликтүү бизнес катары калыптанган эс алуу жайын дароо түртүрүп салуу дагы бир маселени жаратты. Ал дал ушул жерге уруксатты ким берген жана соңку окуя ишкерчиликке бут тосуу катары каралбайбы деген суроо турат.

Нурдан Орунтаев ким?

Президенттин жакыны деп сыпатталып жаткан 35 жаштагы Нурдан Орунтаев бир жылга жакын убакыттан вице-мэр болуп иштеп жатат. Ал ага чейин күч органдарында эмгектенген. 2006-2011-жылдары Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Волгоград академиясынын курсанты болгон.

Эмгек жолун 2011-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү болуп баштаган. 2012-2014-жылдары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) академиясында мугалим болгон. Кийин кайра органга кайтып келип, 2015-жылы Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнүн башчысы болгон. 2020-2021-жылдары министрликтин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кызматына орношкон.

2022-жылы муниципиалдык кызматка өтүп Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болгон.
2022-жылдын августунан бери Бишкек шаарынын вице-мэри кызматында иштеп келатат.

Анын ысымы биринчи жолу Бишкекте Шүкүров көчөсүндө “кызыл тилкеден” ашырылып курулган бир нече дубал-дарбаза, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасын сүрдүрүүдө талкууга түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG