Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Рузахунов Астананын райондук сотунун үстүнөн даттана турганын билдирди


Викрам Рузахунов Казакстандын прокуратурасынын жанында. Иллюстрациялык сүрөт.
Викрам Рузахунов Казакстандын прокуратурасынын жанында. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлери тарабынан сабалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Астана шаарынын Алматы райондук сотунун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 26-майда “Азаттык” радиосу менен маегинде айтты.

Ал "сабаган милиция кызматкерлерин тааныганын", тергөөдө алардын кылмыштары "дээрлик далилденгенин" кошумчалады. Рузахунов өзү сабалгандан кийин сурак-берип жаткан видеосу Казакстандын Ички иштер министрлиги аркылуу кантип тарап кеткени түшүнүксүз болуп жатканын айтып, буга карабай сот мекемеге жан тартып койду деп эсептейт.

Астана шаарынын Алматы райондук соту 19-майда Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын ИИМине каршы доо-арызын карап, канааттандырган эмес. Бул тууралуу маалыматты музыкант 25-майда социалдык түйүндөрдөгү баракчасында жазган.

Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан. Сотто милиция кызматкерлери көрсөтмө берип, Рузахунов тартылган видеону "Алматы" телеканалынын журналисттери тартып кетишкенин айтышкан. Ошол эле маалда 2022-жылдын январындагы кандуу окуяларда бул телеканал жабык турганы маалым болгон.

Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун бети көгала болуп тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

Буга чейин Рузахунов экспертизанын жыйынтыгында казакстандык адистер анын ден соолугуна оор залака келтирилгенин аныктап чыгышканын билдирген. Ал эми мамлекеттик каналдар аркылуу тарап кеткен видеого Казакстандын Ички иштер министрлигиндеги адамдар себепкер экени аныкталганын айткан Рузахунов ошол тасмадагы маалыматты кимдир бирөө эл алдына чыгып төгүндөйбү же кечирим сурайбы деген суроосуна "эгер жетекчиликтен тапшырма берилсе аткарууга даярбыз" деген жооп алганын айткан.

Музыкант аны Таргап айылынын тушунан кармап кеткен адамдар буга чейин аныкталып, суракка алынганын, бул жолу алар менен жолугушуу уюштурула турганын, бирок Казакстандын коопсуздук мекемеси алар тууралуу маалыматты купуя деп жабык кылып койгону аныкталганын айткан. Алар кабылган окуялар боюнча иштер "кыйноо" беренеси менен козголгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG