Түркияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктады.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер президенттикке эки гана талапкер ат салышып жаткандыктан, жыйынтык демейдегиден эртерээк чыгарын, добуштар саналып жатканын билдирди.
Мыйзам боюнча шайлоо тилкелеринде бюллетендерди саноо түнкү 12ге чейин аяктоого тийиш.
Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышты. Алар азыркы президент - Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу.
Серепчилер жекшембидеги шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң талаштуу шайлоолордун бири деп атап жатышат. Үч ай мурда өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титирөө болуп, 50 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар аймакты калыбына келтирүүнү талап кылууда.
Түркияда учурда экономикалык таңкыстык да өкүм сүрүүдө. 2021-жылы өлкөдө инфляциянын деңгээли 36% ашса, 2022-жылы 80% жеткен. Тамак-аштын кымбаттыгы жана улуттук валюта - лиранын кунунун түшүшүнөн улам азыркы президенттин тарапкерлери кыйла азайып кеткен.
Эрдоганды сындагандар эгер ал кайра шайланса, "Түркия автократияга ыктайт" деп кооптонушат.
Кемал Кылычдароглу бийликке келсе, "куугунтуктоолорду токтотуп, демократияны жандандырам” деп убада берген.
14-майдагы биринчи айлампага түркиялык 64 миллион шайлоочунун 88,92% катышкан. Бирок сегиз миллионго чукул шайлоочу добушканага барган эмес.
Анда Эрдоган добуштардын 49,52%, Кылычдароглу 44,88% алган. (ElB)