Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты курула баштады


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имаратынын курулушу башталды.

УКМКнын маалымат кызматы 29-майда билдиргендей, пайдубалга капсула салуу иш-чарасына мекеменин Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилери, ардагерлер катышты.

Ташиев анда заманбап имараттын курулушу менен коопсуздук кызматкерлери ишинин натыйжасы жогорулай турганын белгиледи.

16-майда УКМКнын Сокулук райондук бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон өткөнү белгилүү болгон. Былтыр мартта атайын кызматтын академиясынын имараты курула баштаган.

2021-2022-жылдары бир катар район жана шаарларда мекеменин жаңы имараттары курулду. Ташиев курулушка кеткен каражаттар тууралуу маалымат берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG