Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Украинада каза болгон дагы бир өзбек жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди


Новосибирск, Орусия. "Вагнердин" жоочулары коюлган көрүстөн.
Новосибирск, Орусия. "Вагнердин" жоочулары коюлган көрүстөн.

Орус армиясынын катарында Украинада согушуп жүргөн Ш. Тожибоев аттуу 23 жаштагы Өзбекстандын жараны курман болду. Бул тууралуу 26-майда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан видеодо маркумдун апасы Орусияда эмгектенип жүргөн уулун кимдир бирөө героин менен атайылап карматканын айткан. Кийин абактан «күч менен согушка алып кетишкенин» билдирген. Ал баласынын сөөгүнүн бир бөлүгү гана келгенин кошумчалаган.

Буга чейин Украинада согушта орус армиясынын катарында согушуп жүрүп мерт кеткен бир нече өзбекстандык тууралуу маалым болгон. Алардын бири Орусияда түрмөдө жазасын өтөп жаткан жеринен кеткен.

Өзбекстандын атайын кызматы жарандарга кайрылып, чет өлкөдө аскерге жалданып, куралдуу жаңжалдарга катышкандарга катаал жаза каралганын эскерткен. Былтыр сентябрда Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы жарандарды Украинадагы согушка катышпоого чакырган.

Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарынын Украинадагы согушка тартуу аракети күчөгөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. Кыргызстандык мигранттар Москвада Украинадагы согушка чакырган кагаздар көчөлөрдө таратылып жатканын билдиришкен.

Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы кабарланып жатат.

"Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.

XS
SM
MD
LG