Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

ТИМ Орусияда тергөө абагында жаткан аялдын иши тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имараты. Иллюстрация.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имараты. Иллюстрация.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Москвада тергөө абагында жаткан кыргызстандык Нургүл Азимованын ишине байланыштуу кошумча билдирүү таратып, түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, Азимова уюшкан кылмыштуу топтун курамында киши уурдоого айыпталып жатат. Иш Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин Түштүк-Чыгыш административдик округунун тергөө башкармалыгында иликтенип жатат.

“2022-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кыргыз жараны арыз менен кайрылып, анын бир тууганын уурдап кетишкенине даттанган. Ыкчам-иликтөө чараларынын негизинде уурдалган жаран Москва шаарынын Малый Каретный көчөсүндөгү батирлердин биринен табылган. Ал адамды өз эркинен тыш кармашкан жана анын жакындарынан 1,8 миллион рубль өлчөмүндө акча талап кылышкан. Орусиянын укук коргоо органдары кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашкан. Нургүл Азимова Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 126-беренеси (адам уурдоо) жана 163-беренеси (шантаж) менен айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясына ылайык, белгиленген адамдардын күнөөсү жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, тергөө чараларынын, соттук-медициналык экпертизалардын жана кылмыш иштин башка материалдарынын негизинде ырасталып жатат”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Мекеме Нургүл Азимованын Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери ага басым көрсөткөнү тууралуу маалыматты четке какты.

Мунун алдында актёр Азиз Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылуу жолдоп, Москва шаарында тергөө абагында жаткан кыргызстандык Нургүл Азимовага жардам берүүнү суранган.

Бейшеналиев Фейсбуктагы баракчасында Азимованын катын да жарыялаган. Анда үч баланын энеси күйөөсү аны карызга батырып, өзүн опузалап акча талап кылууга айыптап, каматып жиберди деп даттанган. Азимова күйөөсүнүн тааныштары элчиликте иштей турганын, алар ага жардам бермек тургай, тескерисинче коркутуп жатканын жазган.

Буга байланыштуу маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 29-майдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров көтөрүп, бийликти Азимованын укугун коргоого чакырган. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев анын иши Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин, бирок бул иште түшүнүксүз жагдайлар көп экенин айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG