Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Акылбек Жапаров D Billions тобун "Кыргызстандын сыймыгы" деп атады


Акылбек Жапаров жана “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү. 30-май, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров жана “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү. 30-май, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанда туруп дүйнөгө белгилүү болгон D Billions чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу 30-майда өкмөттүн сайтында жазылды.

Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, аткаруучулар Бактыбек Исманалиев - Чикки (Chiсky), Асылбек Анаркул уулу - Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков - Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина Векуа – Ля-Ля (Lya-Lya).

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров “D Billions – биздин өлкөнүн чоң сыймыгы” деп белгиледи.

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чикки, Ча-Ча, Бум-Бум жана Ля-Лянын кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүү болгонуна жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин чыгаруу боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет - бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, — деди Акылбек Жапаров.

D Billions командасынын мүчөлөрү Кыргызстандын балдарына 1-июнда калаанын борбордук аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестивалды тартуулоо демилгеси тууралуу айтып беришти. Алар андан ары кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турнесин өткөрүү пландары жөнүндө ой бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” команданы Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

D Billions – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ. Алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет. Англис тилдүү D Billions каналынын 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар жана YouTube порталынын бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контентти, айына 400дөн ашуун тасмаларды (роликтерди) чыгарат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG