1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Талас аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 28…30° жылуу болот.
Facebook шеринеси