Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Еврошаркет Косоводогу кризисти талкуулайт


Звечан шаарынын мэриясын кайтарган эл аралык аскерлер. Косово, 1-июнь, 2023-жыл
Звечан шаарынын мэриясын кайтарган эл аралык аскерлер. Косово, 1-июнь, 2023-жыл

Европа биримдигинин лидерлери Косоводогу кырдаалды талкуулаганы жатат. 1-июнда жергиликтүү сербдер кайрадан Зубин Поток жана Звечан шаарларында чогулушту.

29-майда ал аймактарда кагылышуулар болгон. Бул ирет мурдагы күндөргө караганда азыраак киши келди. Косоволук сербдер жакында шайланган мэрлердин иштөөсүнө каршы болууда. Алар добуш берүүнү бойкоттогон.

Молдовадагы саммитте Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел Сербиянын жана Косовонун президенттери Александр Вучич жана Вьоса Османи менен маселени талкуулайт деп кутүлүүдө. Дипломат Косоводогу зомбулук токтотулууга тийиш деп Кишиневго келгенден кийин айтты.

31-майда Боррел жана Евробиримдиктин Косово-Сербия диалогу боюнча чабарманы Мирослав Лайчак Братиславадагы коопсуздук конференциясынын алкагында Косовонун премьер-министри Альбин Курти менен жолугушкан.

Боррелл Куртини кризисти жоюуга аракет көрүүгө үндөгөнүн, ошол эле билдирүүнү Вучичке жеткирем деп кошумчалаганын айтты.

Рейтерс агенттигине берген маегинде Османи Косово Вашингтон менен мамилесине доо кетирүүнү каалабасын жана өз аракеттерин АКШ менен координациялоону уланта берерин билдирди. Муну менен бирге президент Косовону туруксуздаштырууда деп Сербияны айыптады.

Косоводогу туруктуулукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөр 29-майда Звечан шаарынын мэриясына кирип барган сербдерди кууп таркатууга аргасыз болгон. Кагылышууда 25тей аскер жаракат алды. НАТО окуяны кескин айыптап, тараптарды «чыңалууну күчөткөн аракеттерден алыс болууга жана диалог жүргүзүүгө» чакырды.

16 500дөй калк жашаган Звечан шаарында апрель айында өткөн жергиликтүү шайлоону жергиликтүү сербдер бойкоттошкон. Дал ушул калаада жана башка төрт аймакта добуш берүүгө шайлоочулардын 3,5% гана катышканына карабастан, бийлик жергиликтүү албандардын жеңишин таанып, төрт мэр кызматка отурган. Буга жергиликтүү сербдер каршы чыгып, акция уюштуруп жатышат.

Звечан шаарынын мэриясын эл аралык контингент кайтарууда.

Сербдер Косовонун 1,8 миллион калкынын 5% түзөт. Алардын көбү өлкө түндүгүндөгү төрт аймакта отурукташкан.

2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косово Республикасын Евробиримдиктин көптөгөн мамлекеттери жана АКШ, ошондой эле БУУга мүчө өлкөлөрдүн көбү тааныган.

Сербия Косовону өзүнүн автономдуу аймагы деп эсептейт.

2013-жылдан бери Белград менен Приштина мамилени Евробиримдиктин ортомчулугу менен жөнгө салуу аракетин көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG