Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Орусиянын вице-спикери кызы АКШга барганы, өзү Францияда окуганы үчүн кечирим сурады


Орусия Мамлекеттик думасынын вице-спикери Пётр Толстой. Архивдик сүрөт
Орусия Мамлекеттик думасынын вице-спикери Пётр Толстой. Архивдик сүрөт

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Пётр Толстой кызынын АКШга барганы, өзү Францияда окуганы үчүн эл алдында кечирим сурады. Депутат муну «коркунучтуу, глобалдык күнөө» деп атады.

Мындай билдирүүнү Толстой «Россия 1» телеканалындагы программада жасады. Кызы Дарьянын АКШга эки апталык сапары мектептеги тажрыйба алмашуу учурунда болгонун кошумчалады. Вице-спикердин айтымында, аны ошондон бери сындап келатышат.

2021-жылы Толстойдун кызынын абройлуу Йель университетиндеги окуусу тууралуу Орусиянын коммунисттик партиясы билдиргенден кийин компромат чогулткан Телеграм-каналдар маалыматты активдүү таратууга киришкен.

53 жаштагы саясатчы «дос эмес мамлекеттерге» барып келген орусиялыктар «мекенин көбүрөөк сүйөрүн, патриот болуп каларын» айтты.

Ал 2016-жылга чейин журналист жана теле алып баруучу болуп иштечү. Карьерасын франциялык Le Monde гезитинде жана Франс-пресс агенттигинде баштаган. Толстой 1992-жылы Париждеги жогорку окуу жайдын магистр дипломун алганы буга чейин айтылып келген. Азыр ал маалымат өмүр баянынан алынып калган.

Вице-спикер көптөгөн консервативдүү демилгелердин автору. Былтыр Орусияда англис тилинен алынган сөздөргө тыюу салууну, “бирдиктүү тил мейкиндигин түзүүнү” сунуш кылган.

Ал жазуучу Лев Толстойдун урпактарынын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG