Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Красногорскиде 50 чакты тажик мигранты кармалганы маалымдалды


Орус полициясы тажик мигранттарын кармап жатат. Москва, 28-май, 2023-жыл
Орус полициясы тажик мигранттарын кармап жатат. Москва, 28-май, 2023-жыл

Орусиянын жер-жерлеринде тажик мигранттарын кармоо, басым-кысымга алуу уланууда.

Бул тууралуу “Озоди” радиосу маалымдап, 1-июнда болгон окуянын видеосун жарыялады. Маалыматка караганда, Красногорск шаарындагы курулуштардын биринде 50 чакты тажик жараны кармалды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары редакцияга салган дагы бир видеодо полиция көмкөрөсүнөн жерде жаткан мигранттарды сабаганын көрүүгө болот. Видеону тарткан адамдар өздөрүн тажик мигранттары деп атаган жана ал окуялар акыркы күндөрдө Москва шаарында жана айланасында болгонун жазышты. Алардын айтымында, бир нече мигрант жараат алды.

19-майда Комсомольск-на-Амуре шаарындагы университетте окуган жуздөн ашуун тажик студентти ОМОНдун аскерлери сабаган. Студенттер тартип коргоочулар жатаканасына кирип келип, тажиктерди бутага алганын айтып беришкен. Тажикстандын Москвадагы элчилиги ошондо 10 студент жабыркаганын маалымдаган.

Өткөн жумада тажик Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Семен Григорьевди чакырып, тажик жарандарынын жапырт кармалып жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Орусия бийлиги мигранттарга күч колдонуу учурларынын көбөйүшүн түшүндүргөн жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG