Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Акылбек Жапаров санкцияга кабылган орус компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту


Акылбек Жапаров жана Орусиянын “Система” акционердик финансы корпорациясынын өкүлдөрү. 1-июнь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров жана Орусиянын “Система” акционердик финансы корпорациясынын өкүлдөрү. 1-июнь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Орусия Федерациясынын ири инвестициялык компанияларынын бири “Система” акционердик финансы корпорациясынын (АФК) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты 1-июнда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана ишкерлик жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. “Система” корпорациясынын инвестициялык портфелине мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк объектилери, чекене соода, электрондук коммерция, жогорку технологиялар сыяктуу бир катар тармактардын лидерлери кирет. Корпорация 1993-жылы түптөлгөн.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка тиркелген сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, корпорация өкүлдөрү кайсы бир көлдүн жакасында турган пансионаттын курулушун көрсөтүшкөн. Айрым басылмалар ал Ысык-Көлдүн айланасына курула турган долбоор болушу мүмкүндүгүн жазышты.

Орусиялык “Система” акционердик финансы корпорациясын (АФК) Улуу Британиянын өкмөтү 19-майда санкциялык тизмеге кошкон. Аны менен кошо “Северсталь”, “Полюс”, Магнитогорск металлургиялык комбинаты, Челябинск металлургия комбинаты, Брянск машине куруу заводу, “Металлинвестбанк”, “Росбанк”, Тинькофф-банк жана башка 86 компания же ишкерлер "кара тизмеге" кирген.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Евробиримдиктеги мамлекеттер, Улуу Британия жана АКШ Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизе баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG