Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Аба ырайы: күн 37 градуска чейин ысыйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 5-июнда күн айрым аймактарда 37 градуска чейин ысыйт.

Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15… +20, күндүз +30…+ 35 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +3… +8, күндүз +16… +21;

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +28… +33 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында бирдей эле абал +16…21, +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түн ичинде +7…+12, күндүз болсо +20…+25;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +3…8, күндүз +18…+23;

Нарындын бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн дагы деле суук - түн ичинде 0…-5, күндүз +5…+ 10 градус.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Түнкүсүн абанын температурасы 17…19°, күндүз 33…35 градус жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында да жаан күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө суунун температурасы азырынча муздак бойдон, Чолпон-Ата шаарындагы жээкте ал +14.4 градус, ал эми көл боюнча эң муздак суу Кажы-Сай шаарынын жээгинде +12.6 градус.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG