Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Article 19 уюму кыргыз бийлигин "Азаттыкка" чыккан сот чечимин жокко чыгарууга чакырды


Article 19 эл аралык уюму сөз эркиндигин жана адам укугун коргогон өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, бийликтин эркин медиага басым-кысымын токтотууга үндөдү.

Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу тууралуу арызды кайтарып алуу жана Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу аркылуу көз карандысыз медианын эркиндиктерин коргоого чакырды.

“Азаттык Медианы” жабуу чечими Кыргызстанда талаштуу, карама-каршылыктуу мыйзамдар кыянат пайдалынышы мүмкүн деген тенденциясын чагылдырат" - деп айтылат кайрылууда.

Жарандык эркиндиктер чөйрөсүндө иш алып барган Article 19 жана бир нече эл аралык уюм 7-июнда жарыялаган кайрылуусунда Кыргызстанда адам укуктардын начарлап баратканына тынчсыздануусун билдирип, жалган маалымат таратуу жана ЖМКларга байланышкан башка мыйзамдарды сындайт.

“Прессанын эркиндиги жана ЖМКнын плюрализми жарандык мейкиндиктин жана гүлдөгөн демократиянын фундаменти болуп саналат”, - деп белгилейт кайрылуу авторлору.

Укук коргоочулардын пикиринде, Кыргызстан авторитаризмге ооп баратат. "Өлкөнүн БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчөлүгүн эске алганда бул көрүнүш ого бетер камтама жаратууда. Кыргызстан кеңештин эффективдүү мүчөсү болгусу келсе өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, өз өлкөсүндө сөз эркиндигин, жарандык эркиндиктерди урматтоого тийиш", - деп белгилешет укук коргоочу уюмдар.

Article 19 уюму 1987-жылы Лондондо түзүлгөн. Аталышы Адам укуктарынын универсалдуу декларациясындагы жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугун чагылдырган 19-беренеден келип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG