Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Украин президенти Херсон облусунун суу каптаган аймагына барды


Владимир Зеленский Херсон облусунда. 8-июнь, 2023-жыл
Владимир Зеленский Херсон облусунда. 8-июнь, 2023-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү Херсон облусунун суу каптаган түштүк аймагына барып, куткаруу операциясын талкуулады. Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин, суу каптоо коркунучу сакталып жаткан аймактардан калкты коопсуз жерлерге чыгаруу, жабыркаган аймактарды эң зарыл нерселер менен камсыздоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу украин мамлекет башчысы Телеграм-каналына жазды.

Зеленский ошондой эле аймактын экосистемасын калыбына келтирүү жана техногендик кырсык зонасындагы аскердик кырдаал кеп болгонун кошумчалады. Президент эл эвакуацияланган пунктка да барган.

Мунун алдында Херсон облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин 600 чарчы километр аянт суу астында калганын, 8-июндун таңына карай кооптуу аймактардан дээрлик 2000 адам чыгарылганын билдирген.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн суткада кызматкерлери суу каптаган аймактардан 300дөн ашык адамды, анын ичинде 70 баланы эвакуациялашканын маалымдады. Буга чейин оккупациялык бийликтер сол жээктен жалпысынан 4000 адам көчүрүлгөнүн билдирген.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Киев менен Москва буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги дамбанын бузулушун иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды.

Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйрашы үчүн Москваны күнөөлөштү. НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг бул окуяны “Орусиянын Украинадагы согушунун ырайымсыздыгын дагы бир жолу көрсөткөн чектен чыккан жорук” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG