Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:21

"Кыргызкөмүрдүн" филиалынын директору коррупцияга шектелип кармалды


Шектүүнүн үйүнөн табылды делген буюмдар. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүнүн үйүнөн табылды делген буюмдар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Балыкчыдагы (Ысык-Көл) филиалында туруктуу коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Ысык-Көлдөгү филиалды станциясынан Бишкек жылуулук электр борборуна чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда көмүр сатуу фактылары аныкталган.

"Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында 6362,1 тоннага жакын, бул жалпысынан 18 млн. 995 миң сомду түзүп "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көлдөгү филиалында көмүр тартыштыгы байкалган. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган", - деп жазылган Атайын кызматтын маалыматында.

УКМКнын билдиришинче, 2023-жылдын 7-июнунда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылган.

Козголгон кылмыш иштин негизинде филиалдын директорунун орун басары У.Т. "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренесине шектелип кармалды. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Кыш мезгилине Кыргызстанга 3,2 миллион тоннадай көмүр керек. Анын жарымынан көбү борборду электр энергиясы менен камсыз кылган Бишкек ЖЭБине сарпталат. Энергетика министрлиги ЖЭБди толугу менен жергиликтүү көмүргө өткөрүү керектигин айтып келүүдө.

Былтыр Кыргызстандын аймагында көмүр тартыштыгынан улам анын баасына убактылуу мамлекеттик тескөө киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG