Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00

БУУ жана Еврошаркет өкүлдөрү Кыргызстандагы эки демилгеге тынчсыздануу билдиришти


Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйыны.
Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйыны.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү кыргыз бийлигинин жарандык коомго жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) байланыштуу жаңы демилгелерине тынчсыздануусун билдиришти. 13-июнда Бишкекте өткөн "Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары" жыйынында сүйлөп жатып БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве бейөкмөт уюмдар аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып жаткан маанилүү күч экенин, туруктуу өнүгүүгө умтулган өлкөдө пресса эркин болушу зарылдыгын айтты:

“Чет өлкөлүк өкүл мыйзамы кабыл алынса адамдардын биригүү эркиндигине болгон укугун чектейт. Мунун айынан бейөкмөт уюмдардын өлкөдөгү өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруусуна тоскоолдук жаралат. Жаңы талаптар бардык, айрыкча аймактарда иштеген чакан бейөкмөт уюмдар үчүн оорчулук жаратат. Дал ошол уюмдар өлкөнүн алыскы райондорундагы калктын эң аярлуу катмарлары менен иштөө жүгүн көтөрүп келе жатышат, алар гуманитардык, кайрымдуулук, социалдык-маданий жана укук коргоочулук ишмердүүлүктү жүргүзүүдө. Ал эми ЖМК боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу айта турган болсом, эркин пресса адам укуктары корголгон, туруктуу өнүгүүгө умтулган ар бир коом үчүн зарыл”.

Ал эми Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Раймондс Вингрис аталган уюм мамлекеттик органдар менен бул маселе боюнча кызматташтыгын улантарын, жарандык коомдун колдоосу менен консультацияларды уюштурууга даяр экенин билдирди:

“Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүү милдеттенмесин алган. Өлкө сөз эркиндиги, адам укуктары, эркиндиктери корголгон мамлекет деген брендин сактап калат деп үмүттөнөбүз”.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга 15-майда чыгарган. Медиа тармагынын өкүлдөрү алардын сунуш-пикирлерин бийлик укпай койгонун, эгер мыйзам азыркыдай редакцияда кабыл алынса сөз эркиндиги чектелип каларын айтып жатышат. Бийлик андай дооматтарды четке кагууда.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы бул “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG