Өкмөт бир нече жерде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта бериле турган үйлөрдү курууда. Азыркы тапта үйгө муктаж миңдеген үй-бүлө бар, алардын 12 миңи мамлекеттик ипотека алууга арыз жазган. Бишкектеги №47 абактын ордуна курулуп аткан көп кабаттуу үйлөр эки жылдан кийин ипотека аркылуу пайдаланууга берилери айтылды. 4-8% үстөккө чейин деп айтылган бул жаңы үйлөргө кимдер кирет? Анын шарттары кандай?
38 жаштагы Сезим Тилебердиеванын беш баласын жетелеп, аймактан Бишкекке келгенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Кино тармагында эмгектенген эне мектеп жашындагы балдарын жалгыз тарбиялап, борбор калаада ижарага алган батиринде жашайт.
"Азыр бир бөлмөлүү батирге айына 25 миң сом төлөйм. Кошумча коммуналдык чыгымдар бар, ага орточо эсеп менен 30 миң сом жумшалат. Мен ошол акчаны ай сайын төлөгөнүм менен үй өзүмдө калбайт да. Эгер ушул эле сумманы төлөп, үй өзүмдө калса сонун болмок. Азыр болсо үй ээси каалаган учурунда "үйдөн чык, мен башкасын киргизем" же "ижара акысын жогорулатам, үйдү сатам" дей турган болсо, беш бала менен кайра үй издеп, убара тартам. Өз үйүм, өлөң төшөгүм болсо кыйналбайт элем".
Сезим өңдүү үйлүү болсом деп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) арыз жазгандардын 60-70% Бишкектин тургундары. Өкмөт жакынкы 4-5 жыл ичинде калктын турак жайга болгон муктаждыгын жоюуну көздөп жатат. Ал үчүн компания курулушту мамлекеттик мекеме аркылуу өзү жүргүзүп, быйылтан тарта төлөмдөрүн банк аркылуу эмес, өзү кабыл ала турган болду.
2022-жылдын сентябрында мамлекет Бишкектин Гагарин көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан №47 колонияны бузуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушулун баштады. Иштерди "Кыргыз курулуш сервис" каржылап, биринчи этапка деп 416 миллион сом бөлгөн.
Курулуштун экинчи этабына ылайык дагы 20 үй курулат. Аны Сауд өнүктүрүү фонду бөлө турган 100 миллион доллардын эсебинен ишке ашыруу каралууда. МИКтин жетекчисинин орун басары Амантур Өмүров 100 миллион доллар 26 жылга 1,5% үстөк менен насыяга алынарын белгиледи. Тиешелүү макулдашууну караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 14-июнь күнү биринчи окуудан өттү.
Депутат Дастанбек Жумабеков долбоорду ишке ашырууда аймактардын тургундарынын да муктаждыктарын эске алууну сунуш кылды.
"Региондорду да эске алгыла, региондорго да керек нерсе. Эгер биз жаштарды айылдарда жана чакан шаарларда кармап калабыз десек, аларга да шарт түзөлү. Ошол эле үйлөрдү аймактарда кургула. Ал тургай жер тамдар да салынсын. Маселен, биз айылдарды кыдырганда көбү жерлерди трансформация кылып бергиле, биз үй салышыбыз керек деп калат. Демек, үй муктаждыгын чечүүдө бул сонун мүмкүнчүлүк. Бирок үстөк пайыздарын азыраак кылганга басым жасоо керек".
Өмүров ипотекалык турак жайды аймактарда да салуу планы бардыгын билдирди.
"Үчүнчү этап менен облус борборлорунда, андан кийин район борборлоруна киребиз. Ош шаарында муниципалдык ипотекалык ишкана көп кабаттуу үйлөрдү куруп атат. Алар менен бирге үлүшчү курулушту жүргүзгөн атабыз ушул жылдан тарта. Бир чарчы метрин 550 доллардан ашырбайбыз. Бул баа курулуш материалдарынын кымбаттап кетишинен улам коюлган. Валюталык тобокелдиктен улам үстөк пайызын 4% жогору кылдык".
Компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаеванын маалыматына караганда, бул батирлер салынып бүтсө, үй алам деп кезекте тургандардын беш миңден ашыгы турак жайлуу болуп калат.
"Ушул жылдан тарта банк аркылуу жарандарга даяр турак үйлөрдү сатып берүүнү токтоттук. Маселен келечекте ипотеканы төлөп кетүүдө бир топ мүчүлүштүктөр пайда болот экен. Андан сырткары мамлекет ипотекага деп каражат берүүнү жаңырткан сайын базар баасы көтөрүлүп кетүүдө. Ошондуктан даяр үйгө кетчү акчаны курулушка жумшап, жаңы үйлөрдү "кийин сатып алууну макулдашуу менен ижарага алуу" деген системаны ишке ашырып атабыз. Бул үйлөр арзанга туруп, документтердин минималдуу топтомун талап кылат. Эгер мурда банк аркылуу мамлекеттик ипотеканы алуу үчүн толгон документ керектелсе, азыр ал процедуралар алынды. Баштапкы төлөмдүн дагы кажети жок".
Тогуз гектарды ээлей турган үйлөрдүн курулушунун биринчи этабы 2024-жылдын жай айларында аяктап, ачкычтар тапшырылары болжонгон.
Мамлекеттин батирлерин кимдер алат?
Бир чарчы метри 550 доллар болуп, ичи ремонттолгон батирлерди кимдер ала алат?
МИК азыр ипотекалык насыяны үч негизги багытта жүргүзүүдө:
1. Жеңилдетилген ипотека. Жылдык үстөгү 4% ипотека бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине берилет.
2. Социалдык ипотека. Жылдык үстөгү 4% түзүп, иштеген чөйрөсүнө карабай 25 жылга чейин берилчү насыя. Калктын аялуу катмарына багытталган.
3. Арзан ипотека. Жылдык пайызы 8% жогору болгон ипотекалык насыя. Бул насыяны жеке чөйрөдө иштеген кызматкерлер ала алат.
"Бишкекте курулуп жаткан үйлөр борбор калаада жашап, иштегендер үчүн ыңгайлашкан. Ал эми аймакта жашагандар өзү турган жерден тандаган үйүн ипотекага ала алат. Анда каржылоо үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 2020-жылдын август айынан тарта толгон документ талап кылууну да токтотконбуз. Болгон биздин сайт аркылуу катталып, жеке кабинет аркылуу электрондук арыз жазат. Укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлери гана салыктан бошотулуп, алардан буга байланыштуу атайы маалым каттары керек. Калган категориядагылар болсо кошумча документ тапшырбайт, болгону онлайн арызы керектелет",- деди мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева.
Ипотекага үй алуу машакаты
Өз үйүнө жетпей жүргөндөрдүн көбүнүн жүйөсү Сезим айткан маселелерге окшош. Көбү ипотекалык насыя алуу үчүн баштапкы төлөмгө берилчү каражаты жоктугунан, кирешесинин аздыгы жана туруктуу иштеген жеринин жоктугунан улам үй ала албай келет. Коммерциялык банктар берген ипотекалык насыянын пайыздык үстөгү кем дегенде 15% жогору болот.
2015-жылдын декабрында МИК түзүлгөн. Сегиз жылдан бери мекеме 8301 кишиге үй алып берген. Бирок дагы 12 миң киши үйгө муктаж экенин билдирип, арыз менен кайрылган.
Эки шаарда банк аркылуу ипотека берүү токтотулду
Банк аркылуу ипотекалык насыялоо системасы өлкөнүн жети облусунда уланууда. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары каржылоону быйылкы жылдан тарта түздөн-түз МИКтен ала алат. Быйылкы жылдан тарта аталган мекеме Бишкек, Ош шаары боюнча даяр үйлөрдү сатып берүүнү каржылоосун токтоткон. Мындай чечимди кыргыз өкмөтү өз токтомуна ылайык кабыл алган.
Ипотекалык насыя алууга кезекке тургандардын арасынан көбүнчө учурда жеке сектордо иштегендердин көйгөйү көбүрөөк болот. Себеби алардын салык жана социалдык фондго болгон төлөмдөрү убагында төлөнбөйт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк" системасынан толук чыгып калат. Мындан улам үйгө жетпей калгандар көп экенин адистер белгилеп жатат.
“Элдик Турак жай компаниясы” мигранттарды үйлүү кылат
"Элдик турак жай компания" мекемеси - МИКтин алдында түптөлгөн туунду компания. Бул компаниянын шарттары бир топ жеңилдетилген. Тактап айтканда, үй алууну каалаган кардар турак жай депозиттик эсеп ачып, акчасын салып, ипотека ала алат. Анын жылдык үстөк пайызы 8% жогору. Чет жерде миграцияда жүрүп, үй алууну каалагандар үчүн шарт түзгөн "Элдик турак жай компаниясы" өлкө боюнча келишимдик-сактык системасын ишке ашырган жападан-жалгыз мамлекеттик мекеме. Үйүн кеңейтүүнү каалагандар да ушул компанияга кайрылууда. Чектөө жок болгондуктан, кардарлар бизнесс класстагы, иштеген жеринен алыс болгон башка аймактардан үй ала алат.
Жарандардын тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Бир эмес бир нече программалар сунушталууда. Бишкек жана Ош шаарынан сырткары облустардын тургундары жаңы үйдүн курулушуна, каалаган аймагынан үй алуу тандоосуна ээ.
Облустарда да жаңы үйлөр курулуп, ипотекага берилет
Азыркы тапта Нарын жана Талас облустарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы үйлөрдү куруу үчүн жерлерди бөлүү, документтештирүү иштери менен алек болуп атканын МИКтен "Азаттыкка" билдиришти. Бул үйлөр да үч категорияга бөлүнгөн программалардын алкагында берилет.
Ал эми Баткен аймагынын район же айыл аймактарында жаңы турак жайларды куруу үчүн жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн аймактардагы өнүктүрүү фонддорунан каражат каралары боолгонгон.
Экономисттеркурулу шка бөлүнчү узак мөөнөттүү каржылоо үчүн өкмөткө чет элдик донорлорду көбүрөөк тартуунун аракетин көрүүгө кеңеш берет. Элдар Абакиров мындай пикирде:
"Сырттан, арзан жана узак мөөнөттү акча тапканга аракеттерди жүргүзүүнү активдештирүү зарыл болуп турат. Эгер 1990-жылы элдин саны төрт миллион болсо, азыр жети миллион болдук, алардын орточо жаш курагы 27 жаш. Андан сырткары урбанизация жүрүп, Бишкек жана Ош шаарларында элдин саны тездик менен көбөйүп, жылына 150 миң ымыркай төрөлүүдө. Ал эми 2027-2028-жылдан тартып 180 миңден ашык наристе жарык дүйнөгө келет деген демограциялык божомолдор бар. Алдыңкы 5-10 жылда үйгө болгон муктаждык азайбайт."
Сауд өнүктүрүү фондунан берилчү 100 миллион доллар насыянын жылдык үстөгү 1,5% болот. Анын 2% консультациялык кызматка кетет. Калганы курулушка багытталат. Насыя жылына эки жолу – 15-майда жана 15-ноябрда төлөнөт. Мөөнөтү 25 жыл. Анын үстөгү 4-8% чейин.
Үй-жай алсам деген Сезим Тилебердиевага кыялын орундатуу дээрлик мүмкүн болбой турат. Ал МИКтин талаптарын аткара албасын айтууда.
"25 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөп, каалаган үйдү алса болот дегенинен мен дагы мамлекеттик ипотека алуу үчүн баргам. Бирок мага соңку туруктуу иштеген жериңдеги эмгек тажрыйба бир жылдан кем болбошу керек дешти. Андан сырткары, беш балама кеткен чыгымдарды эсептеп, кирешем үй алууга жетпейт деп билдиришти. Мен эгер мамлекеттик кызматта иштесем, кирешем үй алмак тургай, беш баламдын курсагын тойгузууга да жетмек эмес. Жеке жумуш берүүчүнүн кол алдында келишимдин негизинде иштейм. Эгер ипотеканын шарттарын жеңилдетип, документтердин топтомун минималдаштырса, дароо үй алмакмын. Себеби азыр ижарага алган бир бөлмөлүү батир үчүн ай сайын 25 миң сом төлөйм. Андан сырткары коммуналдык чыгымдары бар".
Бишкектеги №47 абактын ордуна 5050 батирди президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш сервис” мамлекеттик ишканасы курууга негизги жалданма компания (подрядчик) болору да айтылды. Азыр бул компания колониянын ордуна салынып аткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи этабынын курулушун жүргүзүүдө.
Өлкө боюнча мамлекеттик ипотекалык насыялоого 2015-жылдан бери 13,5 млрд каражат жумшалган, анын 2,5 млрды инвесторлордун акчасы.