Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:13

МАГАТЭнин башчысы Запорожье атомдук станциясына барды


Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук станциясына барган учуру. 15-июнь, 2023-жыл.
Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук станциясына барган учуру. 15-июнь, 2023-жыл.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук станциясына (АЭС) барды. Бул тууралуу украиналык "Энергоатом" компаниясы 15-июнда билдирди.

Орусия көзөмолдөп турган аталган АЭС жакында жарылуу болгон Кахов суу сактагычынын жээгинде жайгашкан.

Мурдараак Гросси станцияга Кахов ГЭСинин жарылуусу өзөктүк коопсуздуктун абалына кандай таасир эткенин баалоо үчүн бара жатканын билдирген.

Жарылуудан кийинки жагдай станция үчүн коркунучтуу экени айтылган. Бирок МАГАТЭ азырынча станцияга кооптуу кырдаал жарала электигин маалымдаган.

Гросси шаршембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан. МАГАТЭнин башчысынын айтымында, ал украин лидерине саламаттык сактоо тармагында колдонулган өзөктүк технологиялардын негизинде жардам көрсөтүү программасын, ошондой эле суу ташкынынан кийин азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу сунуштарды берди.

Украинанын аймагында Орусиянын согушу уланып жаткан кезде, 6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылып, Херсон облусунун бир катар конуштарын суу каптаган. Отузга жакын адам өлүп, миңдеген тургун коопсуз жакка көчүрүлдү.

Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG