Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын имаратын демөөрчүлөр курганын айтты


УКМКнын Талас башкармалыгынын жаңы имараты. Талас шаары. 17-июнь, 2023-жыл.
УКМКнын Талас башкармалыгынын жаңы имараты. Талас шаары. 17-июнь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ал имарат демөөрчүлөрдүн көмөгү менен курулганын билдирди.

"1936-жылы салынган эски имаратты оңдоп-түзөөгө жыл сайын кошумча каражат талап кылынып турган. Миң чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен. Ошондуктан, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен мамлекеттик казынадан бир тыйын алынбастан, демөөрчүлөр тартылып, жаңы имараттын курулуш иши былтыр, 7-июнда башталган. Минтип жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн жаңы имарат бир жылдын ичинде бардык шарттар менен бүткөрүлүп, бүгүн салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүп жатабыз".

Садыр Жапаров курулушка акча берген демөөрчүлөрдүн ысымын атаган жок, ага канча каражат кеткенин тактабады.

УКМКнын Талас облусу боюнча бөлүмү Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки убакта - 1991-1998 жылдары ачылган, ал эми 2000-жылдын 15-апрелинде Талас облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөн.

Президент Жапаров Кыргызстандын жолдорун курууга жергиликтүү ишкерлер демөөрчү болуп жатканын билдирген. Мамлекет башчы "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде жол курууга жардам берген ишкерлердин ысымдарын атап, чогулган каражатка Нарын, Талас жана Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдоо пландалып жатканын айткан.

Ага чейин Бишкекте ири бизнес борбордун курулушуна Кыргызстандын бажы тармагындагы ири коррупцияга шектелген кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр демөөрчүлүк кылары тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Жапаров Талас облусундагы сапарында "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен да таанышты.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, аянты 78,023 га болгон "Талас" аэропортунун курулушун быйыл жыл аягына чейин бүтүрүү пландалган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG