Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

АКШ менен Кытай мамилени курчутпоо ниетин билдиришти


Энтони Блинкен жана Цин Ган, Бээжин, 18-август, 2023-жыл.
Энтони Блинкен жана Цин Ган, Бээжин, 18-август, 2023-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Бээжиндеги сүйлөшүүлөр ачык жана конструктивдүү өткөнүн маалымдады. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган мамилелерди курчутпоо жана турукташтыруу ниетин билдиришти. Ошол эле учурда Блинкен Кошмо Штаттар өз кызыкчылыктарын коргоону жана союздаштары менен “ачык жана эркин дүйнө” үчүн күрөшүүнү уланта турганын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-июнда Бээжинге эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга акыркы беш жылдагы биринчи сапары болду.

Мамлекеттик департаменттин маалыматында жолугушууда Тайван жана Украина маселеси талкууланганы тууралуу айтылбады.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Тайван маселеси Бээжин-Вашингтон мамилесине олуттуу коркунуч келтирери белгиленген.

Блинкен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен да жолугушканын Reuters агенттиги 19-июнда кабарлады.

Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ баштаган НАТО мамлекеттери Киевге колдоо көргөзүп келатат. Ал эми Кытай Орусиянын аракеттерин тышкы саясатында колдоп жатканы маалым. Кытай мындан тышкары Борбор Азия мамлекеттери менен да дипломатиялык мамилесин чыңдап жатат.

Вашингтон "Бир Кытай" саясатын колдойт, Тайвандын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Ошол эле маалда Бээжиндин аталган аралга басымын колдобойт.

Блинкендин Кытайга сапарынын максаты - Си Цзинпин менен Жо Байдендин жолугушуусуна даярдык көрүү. АКШнын президенти Жо Байден алдыдагы айларда Си менен жолугушууну пландап жатканын буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG