Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Атазов "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбооруна авторлуктан баш тартты


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "Чет өлкөлүк өкүл тууралуу" мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканын юрист Таттуубүбү Эргешбаева Фейсбуктагы баракчасына жазып, Атазов менен маегин жарыялады.

Анда депутат Атазов мыйзам долбоорун иштеп чыккан демилгечи депутаттардын катарынан чыкканын, буга мыйзамдын мазмуну алгачкы депутаттарга сунушталган вариантынан өзгөрүп кеткени себеп болгонун айткан.

"Учурдагы талкууга коюлуп жаткан мазмуну башкача болуп жатат. Ошондуктан, мен бул мыйзамдан баш тартып атам. Мен алты мыйзамдын авторумун. Мындан ары да спорт, жаштар, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча, өзгөчө миграцияга байланыштуу мыйзамдарды жазып атам. Чет элдик агент тууралуу мыйзам жазганда биз Кыргызстанга түрдүү тармактардан келип жаткан жардамдарды тосуп салууга себепчи болуп калбашыбыз керек. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, мечит, медреселерге келип жаткан чоң-чоң гранттарга да тоскоолдук болбогондой болушу керек", - деди ал.


Кыргызстанда cырттан каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "Чет өлкөлүк өкүл" деген макам берүү жөнүндө мыйзам долбооруна автор болгон бир нече депутат демилгеден баш тартканын билдиришкен. Эл өкүлдөрү анын себебин мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укутарына каршы келген жоболорго байланыштырган.

Буга чейин бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөлөрдүн элчиликтерине адам укугу менен сөз эркиндигин чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза бербөөгө чакырышкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG