Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Мурдагы билим берүү министринин үй камагындагы мөөнөтү узартылды


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Биринчи Май райондук соту 27-июнда мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев 24-сентябрга чейин үй камагында болот.

Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып, былтыр 28-сентябрда кармалган.

Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген.

30-сентябрда Бейшеналиев сотто бөгөт чарасы каралып жатканда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан. Пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин журналисттерге билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бары, тергөөгө тоскоолдук кылбай турганы эске алынып, октябрь айынын ортосунда анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө быйыл апрелдин аягында тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG