Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Беларуста "Вагнердин" жалданма аскерлери үчүн лагерлер курулууда


"ЧВК Вагнер центр" компаниясынын кире беришиндеги адамдар. Санкт-Петербург. Орусия. 4-ноябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.
"ЧВК Вагнер центр" компаниясынын кире беришиндеги адамдар. Санкт-Петербург. Орусия. 4-ноябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.

Беларуста "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары үчүн лагерлердин курулушу башталды.

"Вёрстка" басылмасы кабарлагандай, Могилев облусунун Осиповичи шаарынын жанында курулуп жаткан лагерь 8 миң кишиге эсептелген. Мындай жатаканалардын бир нечеси курулары маалым болду.

Облустун токой чарбачылыгынан 24 миң чарчы метрлик аймакка лагерь курулуп жатканын "Версткага" ырасташып, эртеңкиге чейин чатырлардын баары ордунда туруп калышы керек экенин кошумчалашты. Осиповичи шаары Украина менен чек арадан 200 чакырымдай алыс жайгашкан.

Менчик аскер компаниянын "куралдуу козголоң" уюштуруу аракетинен кийин Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген. Лукашенконун маалыматында, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөнү макулдашып, Пригожин “вагнерчилердин” куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.

Көп өтпөй Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин "Беларуска кетерин" билдирген.

26-июндун кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын президенти Владимир Путин "вагнерчилерге" орус армиясы менен келишим түзүп, туугандарына кайтып келүүнү же Беларуска кетүүнү тандоону сунуштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG