Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын жаңы долбоору 30-июнда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде долбоор Конституциянын 23-65 жана 109-110-беренелерине, “Париж принциптеринин”, “Белград принциптеринин” жана Омбудсмен институтунун венециялык коргоо жана кубаттоо принциптеринин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында жазылганы белгиленген.

Ал кабыл алынса, "Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп Акыйкатчы институтунун аккредитациясын "В" макамынан "А" макамына өткөрүүгө мүмкүндүк берери" кошумчаланган.

2012-жылы Кыргызстандын Акыйкатчы институтун Улуттук укук коргоо мекемелеринин эл аралык координациялык комитети "В" макамында аккредитациялаган. Бул макамда акыйкатчы GANHRI чогулуштарына гана катыша алат, бирок добуш бере албайт жана жетекчи кызматтарды ээлей албайт. "А" макамына өтүү үчүн Акыйкатчы институтунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштамалар берилген.

"А" макамы берилсе, акыйкатчы Адам укуктары боюнча кеңештин бардык жыйналыштарына катышууга укуктуу, оозеки билдирүүлөр менен жеке же видео байланыш боюнча катыша алат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор мыйзам долбоорундагы айрым өзгөрүүлөргө тынчсыздануу билдирди. Мекеменин төрагасы Бакыт Рысбеков мыйзамдын жаңы долбоорунда аларга таандык болгон айрым укук-милдеттер да Акыйкатчы институтуна ыйгарылып калганын, бул жагдай борбордун ишине олуттуу таасир этерин айтууда.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар Бакыт Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев жана Нуржигит Кадырбеков мындай сунуштарга азырынча комментарий бере элек. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG