Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилди


Чоң-Алай районундагы айылдардын бири. Архивдик сүрөт.
Чоң-Алай районундагы айылдардын бири. Архивдик сүрөт.

Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берилгенин 6-июлда "Азаттыкка" президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нурилич Токонбаев билдирди. Бул боюнча Министрлер кабинетинин токтому 23-июнда чыккан.

Буга чейин жергиликтүү тургундар районду чек арадагы аймактардын тизмесине киргизип, өзгөчө макам берүү маселесин көтөрүп келишкен.

Өткөн жылдын 16-17-сентябрында Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылышта Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 5 миңден ашуун адам эвакуация болгон.

Жекенди айылы Тажикстан менен чектешет, Нура айылы Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан.

Чоң-Алай Кыргызстандагы тоолуу райондордун катарында жана ал деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан.

Буга чейин өлкөдө 150гө жакын айылга өзгөчө макам берүү маселеси каралып, анын 60ка жакынына өзгөчө макам ыйгарылган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG