Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Лимандагы чабуулдун курмандыктары тогуз кишиге жетти


Лимандагы украин аскерлери. Иллюстрация.
Лимандагы украин аскерлери. Иллюстрация.

Орус армиясынын Украинанын Лиман шаарына урган соккусунда курман болгондор тогуз кишиге жетти. Жараат алгандар 13 адам экенин Донецк облустук администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Орусиянын армиясы 8-июлда, эртең мененки саат 10дордо калааны ракета менен аткылап, турак жайлар жана дүкөн зыян тартты.

Мунун алдында Кривой Рогдо дрондордун чабуулунан бир адам жараат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Орусия бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG