Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Ошто газ баллон жарылган учур боюнча териштирүү башталды


Оштогу кырсык болгон ашкана.
Оштогу кырсык болгон ашкана.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы тамактануучу жайлардын биринде газ баллон жарылгандан кийин адам өмүрү кыйылган окуяны териштире баштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

9-июлда Ош шаарында “Алай” курулуш базарынын жанындагы тамактануучу жайдан газ баллон жарылып, базарга келген 37 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну көз жумган.

Милиция кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди.

Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган.

2019-жылы 8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез татым жайында газ баллон жарылып, бир адам мерт болгон. Сегиз адам ар кандай деңгээлде жараат алган. Арасында өспүрүмдөр да бар.

2021-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тез тамактануучу жайда газ баллон жаралып, бир кишинин өмүрүн алган. 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда жарылган газ баллондон 11 адам жараат алып, ооруканага түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG