Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Акыйкатчы: Үй-бүлөдө зомбулук көргөндөрдүн көбү билимсиз жана жумушсуз кыз-келиндер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зомбулук көрсөткүчү жогору болуп жатканын, мындай кылмыштардын көбү ачылбай кала берерин бүгүн 11-июлда Бишкекте өткөн лидер аялдардын курултайында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди. Анын белгилешинче, өлкөдө мамлекеттик кризистик борборлор да, аялдар менен балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча маалымат да жетишсиз болууда.

Укук тартибин коргоо органдары аялдарды зомбулуктан коргоонун мамлекет кепилдеген кандай ыкмалары жана түрлөрү бар экени жөнүндө маалымдоо ишин күчөтүшү керек экенин белгилеген Жаманбаева расмий статистика чыныгы жагдайды чагылдырбай турганын, билими жана жумушу жок кыз-келиндер көбүрөөк көз каранды болуп, зомбулукка кабылып жатышканын айтты.

Акыйкатчы кошумчалагандай, мамлекеттин коргоо аракети натыйжа бербей калган учурлар да жок эмес, анткени үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарды туугандары басмырлап же коркутуп, милицияга арыз жаздырбай, жазса да кайра баш тарттырып, зордук көрсөткөн кишини коргоп калышат.

“Кылмыштардын көбү жазасыз калууда”, - деди Жаманбаева.

Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө кордукка кабылып келатканын былтыр ноябрда билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей,жабылып калып жатканын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG