Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Европанын түштүгүндө ысык рекорддук чекке жетет


Сицилия, 16-июль, 2023-жыл
Сицилия, 16-июль, 2023-жыл

Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун эскертишүүдө. Адаттан тыш аптап ушул күндөрү Испания, Италия жана Грекияда өкүм сүрүп жатат. Эксперттер мындай аба ырайы айыл чарбага чоң зыяны тиерин, башка маселелер жараларын айтышат.

Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.

Италиянын метеорологиялык кызматы ушул аптада абанын температурасы 45 градустан ашарын билдирген. Айрым региондордо ысыктын рекорддору жаңыланууда.

Европадагы эң жогорку температура – 48,8 градус 2021-жылы Сицилияда катталган.

«Рейтерс» агенттиги жазгандай, бул көрсөткүч жакында Сардинияда кайталанышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG