Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:13

Акылбек Жапаров аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды


Экономика жана коммерция министрлиги 17-июлда жарым жылдык ишин жыйынтыктады.
Экономика жана коммерция министрлиги 17-июлда жарым жылдык ишин жыйынтыктады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-июлда Экономика жана коммерция министрлигинин жарым жылда жасаган иши тууралуу жыйынга катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров министрден жана бардык орун басарларынан отчет алды. Жыйында өнүктүрүү фонддоруна байланыштуу иш солгун экенин айтып, бул багытта бир орун басар иштеши керектигин билдирди. Жапаров андан сырткары аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

“Өнүктүрүү фонддору боюнча ишиңиздерди көрбөй турам, алар экономиканы, бизнести өнүктүрүүнүн реалдуу инструменттери, эмне үчүн аларды толук пайдаланбайсыңар, бул багыттагы иштерди күчөтүп, ал үчүн бир орун басар бекитиш керек. Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин сегиз орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам. Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл”, – деди Жапаров.

Жыйында Ички дүң өнүмдүн алты айдагы өсүү ыргагы 3,9% түзгөнү жана 453,4 миллиард сомго жеткени айтылды. Ошондой эле, январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5,2 милилард долларга жетип, былтыркы жылдын ушул маалына караганда 27,9% өскөн. Анын ичинде импорт 29,5, ал эми экспорт 21,9% көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG