Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Түштүк Кореяда сел менен жер көчкүдөн кеминде 40 киши каза тапты


Суу ташкынынан кийинки куткаруу иштери, Түштүк Корея. 16-июль, 2023-жыл
Суу ташкынынан кийинки куткаруу иштери, Түштүк Корея. 16-июль, 2023-жыл

Түштүк Кореяда сел менен жер көчкүдөн кийин куткаруу жана тазалоо иштери уланууда. Өткөн ишемби жана жекшембиде нөшөрлөгөн жаандан улам келип чыккан табигый кырсыктан 40тан ашуун киши каза тапты. Түндүк Чхунчхон провинциясында суу астында калган өтмөктө эле бери дегенде 13 киши набыт болду. 685 метрлик өтмөктү суу каптаган маалда кеминде 15 машина болгон. Куткаруучулар жана аквалангисттер аман калгандарды издөө ишин улантууда.

Жергиликтүү тургундар июндан августка чейин жылда кайталанган нөшөргө көнүшкөнүн, бирок мындай суу ташкынын көрбөгөнүн айтып жатышат.

Өткөн ишембиде эле 300 мм жаан жаады. Бул – жылдык норманын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнө барабар. Синоптиктер катуу жаан чачын үстүбүздөгү аптада кайталанышы мүмкүн деп маалымдашты.

Президент Юн Сок Ёль өкмөт жыйынында калыбына келтирүү иштерине бар аракет жана ресурс жумшоо тапшырмасын берди. Табигый кырсыктарга даяр туруу үчүн чукул кырдаалдар жаралаганда көрүлчү чараларды кайра карап чыгууга чакырды. Эксперттер климаттагы өзгөрүүлөрдөн улам мындай окуялар көбүрөк кайталанышы мүмкүн деп эскертүүдө.

Бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери Түштүк Кореянын мамлекет башчысына көңүл айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG