Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Улуттук банк жыл башынан бери сыртка 4 тоннадай алтын сатты


Кубанычбек Бөкөнтаев.
Кубанычбек Бөкөнтаев.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери сыртка 3,97 тонна алтын сатылганын билдирди. Ал 18-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде алтын сатуу-алууга байланыштуу соңку жагдайды түшүндүрдү. Бөкөнтаев алтынды сатып алуу боюнча "Кумтөр" компаниясы менен аталган банктын келишими жоктугун айтты.

"Улуттук банк Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алууга байланыштуу операцияларды мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат. Бул операциялар алтын өндүрүүчү ишканалар менен Улуттук банктын ортосунда алтынды сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн башкы келишимдердин алкагында гана жүргүзүлөт. "Кумтөр Голд Компани" менен Улуттук банктын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес", - деди Бөкөнтаев.

Ушул жылдын башында Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева мекеменин карамагында 46,7 тонна алтын бар экенин билдирген. Ал алтындын бул запасы 2021-2023-жылдар аралыгында өлкөдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуу жолу менен топтолгонун айткан.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары Улуттук банкта сакталып турганын, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй көлөмдө жыйналып жатканын айткан.

Анын алдында Улуттук банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон. Бул жагдай тууралуу Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

2022-жылы августта “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы жөнүндө айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG