Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

"Кайрылман" макамын алуу тартиби жеңилдеди


Улуу Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилген учур. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуу Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилген учур. Иллюстрациялык сүрөт.

"Этностук кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, "кайрылман" макамын алгысы келген кыргыздар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылып, арыз-документтерин тапшыра алышат.

Андан кийин он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүлөт.

Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 7-июнда кабыл алган. Документ тарыхый мекенине кайтууну каалагандарга колдоо көрсөтүү, аларды көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкканын демилгечилер маалымдашкан.

Анын алкагында этностук кыргыздар жана кайрылмандардын чек арадан менчик автоунаасы менен да өтүүсүнө жол ачылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этностук кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылган. Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Ооганстандан келгендер.

Буга чейин башка өлкөлөрдөн көчүп келген кыргыздардын 10 миңдейи документи жок жүргөнүн депутат Жанарбек Акаев айтып чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG