Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Байсалов: экономикалык өсүштү 9-10% жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык иши талкууланган жыйында сырттан келген инвестицияны иштетүү менен экономикалык өсүштү 9 %га чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

"Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгынан улам биз былтыркы 7 % өсүү темпинен ишенимдүү түрдө аша турганыбызды көрүп жатабыз. Биз 9 %га да жете алабыз. Эгерде тышкы инвестициялардын жок дегенде кайсы бир үлүшүн өздөштүрүп, ишти күчөтсөк 10 %га да чыксак болот".

Байсалов товар өндүрүү, тышкы соода, курулуш тармактарында да өсүш болгонун, салык чогултуу эселеп көбөйгөнүн, ресторан-мейманкана жана башка бизнес өсүп жатканын кошумчалады. Тышкы инвестицияларды иштетүүгө аймактык жетекчилер жакшы көңүл бурбай жатканын билдирип, аларды тыңыраак иштөөгө чакырды.

"Дээрлик жума сайын биздин президентибиз, министрлер кабинетинин төрагасы инвесторлор менен жолугуп, келишимдер түзүлүүдө. Бирок аларды ишке ашырууда аксап жатабыз. Мына Ат-Башынын акимин угуп отурсак, былтыртан бери райондо болгону эки ишкана ачылып, эки жумуш оруну түзүлүптүр. Кудайды карасаңар боло!".

20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы талданып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын аткаруу планы 554 иш-чарадан турарын, азыр анын 92си аткарылышы керек болсо, 71и (77 %ы) бүткөнүн билдирди.

Чогулуштун жыйынтыгында ар бир министрлик-мекеменин ишине баа берилип, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин ишмердиги "канааттандырарлык эмес" деп бааланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG