Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Киров суу сактагычына чөгүп кеткен жаран табыла элек


Киров суу сактагычында издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.
Киров суу сактагычында издөө иштери. ӨКМ тараткан сүрөт.

Талас облусунун Айтматов районундагы Киров суу сактагычына 23-июлда чөгүп кеткен жаран табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, кырсыкка учурган 22 жаштагы Д.Т. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну болгон. Түн кирип кеткенине байланыштуу 23-июлдагы издөө иштери токтотулуп, 24-июлда кайра улантылды.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген эле. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата бери дегенде 25 %га өстү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган болчу.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG