Кыргызгидромет кабарлагандай, 27-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо -2…+3, күндүз 10…15° болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 36…38 болот.