Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 12 адамдан арыз түштү


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 31-июлдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 12ге жетти.

Алар: Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчакеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев жана Бакыт Шаршембиев.

БШК өткөн аптада Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Абировдун арызын жумушчу топ карай турганын билдирген. Бирок Боршайкомдун айрым мүчөлөрү ал кайра шайлоого катыша албастыгын айтып чыккан эле. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам боюнча кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон адам талапкерлигин коё албайт.

Аталган округдан шайланган Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам депутаттык мандатын тапшырган.

Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу ушул айда камалган.

Аскар Алмаз уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган.

Парламент депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаровдун парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Президенттин уулу "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирген. Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышы жок экенин айткан.

Кайра шайлоого талапкерлерден арыз алуу 10-августта аяктайт да, каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG