2023-жылдын алты айында жеке адамдар чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 704,6 миллион доллар которгон. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 28,5% аз экенин Улуттук банктын башкармалыгынын башчысы Медер Абдырахманов 1-августтагы маалымат жыйында билдирди.
"Былтыртан баштап акча которуулардын таза агымы төмөндөп жатат. Негизинен акча которуулар Орусиядан болот. Өткөн жылдан баштап Түркияга акча которуулардын агымы өстү. Бул таза акча которуулардан сырткары, соода операциялары дагы жүргүзүлүп жатканына байланыштуу. Украинадагы кырдаалга байланыштуу товарларды жеткирүү системасынын өзгөрүшүнө байланыштуу, азыр товарлардын бир бөлүгү Түркиядан келет", - деди ал.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2022-жылдын 11 айында чет жактан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 11 айда 2 миллиард 737,8 миллион долларды түзгөн. Которуулар күз айларында дээрлик 18% азайып кеткен. Ноябрь айында Орусиядан 223,8 млн доллар, алыскы чет өлкөлөрдөн 12,4 млн доллар келген.
Тескерисинче, Кыргызстандан чет өлкөлөргө жеке адамдар 1 миллиард 82,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат которгон.
Жакында Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы айрым банктар "Юнистрим" системасы менен кызматташууну токтоткон. Буга аталган системанын Батыштын санкциясына кабылганы негиз болгону айтылууда. Негизинен мигранттар мекенине акча которуп иштеген "Юнистрим" системасы отуздан ашуун мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга да акча которуу менен алектенчү. (КЕ)