Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Белгисиз адамдар Ысык-Көлгө каттаган поезддин айнегин талкалап кетти


Поезддин айнеги сынган вагону. 1-август, 2023.
Поезддин айнеги сынган вагону. 1-август, 2023.

Кантта белгисиз адамдар "Балыкчы - Бишкек" темир жол каттамындагы VIP, "Люкс" вагондорунун айнегин талкалап кетти.

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 1-августта, болжол менен кечки саат 9дан өткөндө Дмитриевка – Кант станциясында орун алган. VIP, "Люкс" жана жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган.

Маалыматка караганда, окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан.

"Бул аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. Окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн", - деп жазылган маалыматта.

Аталган мекеме поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоого өтүндү.

Милиция бул ишке катыштыгы бар делген адамдар табыла электигин "Азаттыкка" билдирди.

Бишкек-Балыкчы поезди жайкы сезондо иш күндөрү беш, дем алышта тогуз вагон болуп каттайт. Былтыр поездге жаңы люкс вагон кошулуп каттай баштаган. 12 жылдан бери өткөн жылы алгачкы жолу жол киреси кымбаттап, 69 сомдон 150гө жогорулаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG