Дүйшөмбү шаарында 4-10-август күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдады, бирок анын мазмунун жарыялаган жок.
“Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү”, - деп жазылган маалыматта.
Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда өтөрү да кабарланды.
“Сүйлөшүүлөр жакшы эле кетип жатат. Билесиңер да, азыр эң татаал аймактарды тактоо иштери калган”, - деди Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев.
Бөрүбаевдин “Азаттыкка” буга чейин 101,86 чакырым жер такталганы тууралуу айрым ЖМКларга чыккан маалыматты ырастап, бул 2021-жылы май айынан бери такталган участоктор экенин айтты.
Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылы 17-апрелде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.
Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.
Быйыл 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн “Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан.