Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Казак министри “Ак-Тилектеги” узун кезек тууралуу комментарий берди

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.
“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар. 22-август, 2023-жыл.

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу комментарий берди.

“ORDA Kaзакстан” маалымат агенттиги жарыялаган видеодо ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Менин билишимче, ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн. Ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат. Мунун коммерциялык жүктөргө тиешеси жок”, - деди Жамаубаев.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 сатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан баштап узара баштаган. 22-августта Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 500гө чукулдады.

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги улам эле пайда болуп турат. Кыргыз тарап Ерулан Жамаубаевдин чек арада автоунаалардан маңзат издөө жөнүндөгү сөзүнө комментарий бере элек. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG